2013-жылдын 24-ноябрь күнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу айылындагы Жаныбеков көчөсүндөгү үйдөн өрт чыккан. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Нурлан Ташманбетов билдирди.
Анын айтымында, өрттүн натыйжасында үйдүн бир бөлмөсү өрттөнүп, 1953-жылы туулган К.О. аттуу айым жана 1973-жылы туулган К.М. аттуу уулу түтүнгө ууланып каза табышкан. Өрт жылытуучу мештин жана мордун туура эмес орнотулушунан улам келип чыккан.