Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Таиландда өтүп жаткан “Futures” сериясындагы Эл аралык мелдеште бүгүн, 25-ноябрда 2 беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясы билдирет.
Маалыматка ылайык, мелдеш 25-ноябрдан 1-декабрга чейинки аралыкта өтөт. Анда 17 өлкөдөн келген 45ке жакын теннисчи күч сынашат. Мелдеште Кыргызстандын атынан Данияр Дулдаев жекеликте жана индиялык Карунудай Сингх менен жуптукта оюн өткөрөт.
Алгачкы беттешин ал бүгүн, 25-ноябрда жекеликте таиланддык Сингекрави Уаттанакул менен өткөрмөчү.
Ал эми Дулдаев&Сингх жуптугу түштүк кореялык жуптук менен беттешмекчи.