24-ноябрда автожарыштардын "Формула-1" сериясы боюнча Дүйнө чемпиондугунун акыркы 19-жарышы, Бразилиянын Гран-Приси үчүн болгон мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, анда “Ред Булл” командасынын өкүлү германиялык Себастьян Феттель жеңүүчү аталды. 2-орунду австралиялык Марк Уэббер (“Ред Булл” командасы) ээлесе, 3-орунду испаниялык Фернандо Алонсо (“Феррари”) ээледи.
Феттель муну менен сезондогу 19 жарыштын 13үндө жеңүүчү аталды. Акыркы 9 жарышта ал мара сызыгын биринчи болуп кесип өттү.