Окуп олтурган ар бирөөңүз үчүн, сиз үчүн, мен үчүн "АПА" деген өтө жагымдуу болсо керек, кымбат болсо керек, туурабы?
Мен үчүн да эң кымбат, эң асыл, жүрөгүмдүн ээси болгон апакем 2021-жылы дүйнөдөн өттү, мени таштап кетти... Ошол күндөн тарта жашоом туңгуюкка кептелди, өмүрдүн маңызы жоголду. Ошентип жүрүп убакыт айла жоктон апамсыз жашоого көндүрдү, айла жок көндүм.
Арадан бир жыл өттү, бир ойго келдим, чечим чыгардым. Өмүрүмдү апама арноону чечтим, өмүрүмдү арнасам да мээнетин актай албайм, бирок колумдан келген аракетимди жумшайм деп өзүмө сөз бердим. Апамдын артынан жакшылык, соопчулук багыштоо менен гана маркум апама жардам бере алышымды билдим. Аллахым мага канча өмүр берсе, ошол өмүрүмдүн аягына чейин апама сооп багыштоо менен өткөрөм деп чечим чыгардым.
Ошентип апамдын акырети үчүн жылдыгына фонд ачтым. "АПА" - коомдук кайрымдуулук фондун ачтым. Ушул фонд аркылуу жакшылыкты, берешендикти, мээримдүүлүктү, жөнөкөйлүктү, биримдикти, ынтымакты жайылткым келет, ошондон тапкан соопчулукту апама багыштагым келет. Ушул фондду өмүрүмдүн аягына чейин иштетип, көп жакшылык чогултсам дейм...
Эгерде апаңыз өмүрдө тирүү болгон болсо, алаканга салып баалаңыз, эгерде өмүрдөн өткөн болсо сизге сабыр тилейм.
Биз менен бирге болуп, адамдык касиетти бирге жайылталы.
@fond_apa баракчасына тиркелип, фонддун иштери менен таанышып, колдоо көргөзүп коюңуздар.