Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан пара берип жаткан жеринен иши тергөөдө жүргөн жаран жана анын бир тууганы кармалды. Аталган комитеттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, колго түшүрүлгөн жаран кылмыш ишин оң жагына чечип берүү үчүн УКМКнын кызматкерине 30 миң доллар каражат сунуштаган.
Белгилүү болгондой, Кыргыз мамлекеттик чек арасы аркылуу Казакстанга жалпы салмагы 11 килограмм 51 грамм баңгизат алып өтүүгө аракет кылып кармалган жаранга карата 282-берененин 2-бөлүмү (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
"Шектүү ишти оң жагына чечип берүү үчүн УКМКнын кызматкерине 30 миң доллар пара сунуштаганы аныкталды. 19-февралда бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүгү (пара берүү) боюнча каралган кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Ал эми 5-мартта жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, УКМКнын кызматкерине 2 миллион 745 миң сом жана 2 миң доллар пара берип жаткан учурда А.М.А. жана анын бир тууганы А.Н.А. кармалды. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - дешет мекемеден.