Орусиялык спортчулар "Сочи-2014" кышкы Олимпиада оюндарында алтын медаль үчүн мамлекет тарабынан 4 миллион рубль сыйлык алат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар билдирет.
Маалыматка ылайык, үй ээлери алтын үчүн 4 миллион, күмүш үчүн 2 миллион 500 миң жана коло үчүн 1 миллион 700 миң рубль алат.
Эске салсак, 22-ирет өтүүчү Кышкы Олимпиада оюндары Орусиянын Сочи шаарында 7-23-февраль аралыгында өткөрүлөт. Анда 98 комплект медаль ойнотулат.