Америкалык Серена Уильямс Айымдардын Теннис Ассоциациясынын версиясы боюнча (WTA) “Жылдын мыкты теннисчиси” болуп табылды. Бул тууралуу аталган Ассоциациянын расмий сайты 22-ноябрда кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурдун №1-ракеткасы 2013-жылдын эсебинен 11 мелдеште жеңүүчү аталган. Анын ичинде Франциянын Ачык чемпиондугу Ролан Гаррос, АКШнын Ачык чемпиондугу жана WTAнын жыл жыйынтыктоочу мелдеши бар. Ага кошумча Серена Чоң Шлем түркүмүндөгү жеңиштеринин санын 17ге жеткирди. Айымдар арасында бул көрсөткүч рекорд болуп эсептелет.