Кантта зордуктоо кылмышына шектелип 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө 27
жаштагы Кант шаарынын тургуну кайрылган. Арызда 23-ноябрда саат 20:30дар
чамасында белгисиз адам жабырлануучунун үйүнө кирип, зордуктап кеткенин айтылган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесине (зордуктоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кант шаарынын
35 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу
кармоочу жайга жеткирилди.
Иликтөө иштери жүрүүдө.