"Ливерпуль" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Юрген Клопп Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы "Интер" командасы менен өз үйүндө болгон оюнда күйөрманды куткарып калды.
Оюн өтө кызуу жүрүп жаткан маалда машыктыруучу калыстан оюнду токтотуп туруу үчүн кыйкырган. Оюндагы башкы калыстык милдетти аткарып жаткан Антонио Матеу Лаос эч нерсени түшүнбөстөн ышкырыгын жаңыртып, оюнду токтотту. Оюн токтоору менен Юрген Клопп дарыгерлерди стадиондогу элдин арасына жөнөткөн. Ошол учурда көрүүчүлөрдүн биринин жүрөгү кармап калган.
Дарыгерлер бир нече мүнөт бою күйөрманга жардам беришкен. Баары жакшы аяктап, күйөрман өзүнүн отургучуна кайтып келген.
Бул беттеште "Ливерпуль" "Интерге" 0:1 эсебинде утулуп калды. Бирок эки беттештин жыйынтыгы боюнча Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына чыкты.