Бүгүн, 10-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын жооптук оюндары болуп өттү.
Мадриддеги "Сантьяго Бернабеу" стадионунда өткөн "Реал" - "ПСЖ" беттеши 3:1 эсебинде талаа ээлеринин пайдасына аяктады. 39-мүнөттө Килиан Мбаппе Неймардын пасы менен эсепти ачып, жалпы эсеп боюнча айырманы 0:2ге айлантты. Экинчи бөлүктүн 61-мүнөтүндө париждиктердин коргонуусунда ката кетип, Карим Бензема гол жаратты. 76 жана 78-мүнөттө "Реал Мадриддин" чабуулчусу дагы эки гол киргизип, оюндун нугун толугу менен буруп кетти.
Франциядагы биринчи оюн 1:0 эсебинде "ПСЖнын" пайдасына аяктаган. Муну менен "Реал" Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына чыкты.
Параллель беттеште "Манчестер Сити" португалиялык “Спортингди” өз үйүндө кабыл алды. Биринчи оюнда британиялыктар атаандашын 5:0 эсебинде жеңгендиктен жооптук беттеш интригасыз өттү. "Манчестер Сити" сезилерлик артыкчылыкка карабастан эсеп ача алган жок. Жолугушуу 0:0 эсеби менен аяктап, Хосеп Гвардиоланын командасы чейрек финалга өттү.
18-мартта чүчү кулактын жыйынтыгы менен чейрек финалдык жуптар аныкталат. Буга чейин чейрек финалга германиялык "Бавария" менен англиялык "Ливерпуль" клубдары чыккан.