Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина рейтингде 8 баскычка алдыга жылды

Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина WTAнын рейтингинде 8 баскычка алдыга жылды. Бул маалыматты Айымдардын теннис ассоциациясы (WTA) бүгүн, 25-ноябрда жарыялаган.

Маалыматка ылайык, ноябрь айы үчүн жаңыланган рейтингде кыргызстандык теннисчи кыз 113 упай менен 369-орунду ээлеп турат. Эске салсак, мындан бир апта мурун теннисчинин ысымын 377-орунда көргөн элек.

Ксениянын акыркы ийгиликтеринин бири Казакстанда өткөн Эл аралык мелдеште катталды. Анда ал өзбекстандык Альбина Хабибулина менен жуптукта мелдештин күмүш медалын тагынган.  

Рейтингдин биринчи сабында америкалык Серена Уильямстын ысымы жазылган. Алдынкы үчтүктө беларус Виктория Азаренко жана кытайлык На Ли бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан