"ПСЖ" футболдук клубунун президенти Насер Аль-Хелайфи Чемпиондор Лигасындагы "Реал Мадрид" клубуна каршы оюнда калыстардын чечимине нааразы болуп, жаңжал салды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, париждиктер 1:3 эсебинде утулуп калган 1/8 финалдын жооптук оюну аяктагандан кийин Аль-Хелайфи тез эле ордун таштап, башкы калыс Дэнни Маккели жетектеген калыстардын курамына доомат коюу үчүн трибуна астына барган.
Ал бара жатып кыйкырып, эшик-дубалдарды муштуму менен урган.
Бирок Аль-Хелайфи калыстардын бөлмөсүн таппай, "Реал Мадриддин" делегаты менен Карлос Давиланын бөлмөсүнө барган. Ошол учурда "Реал Мадриддин" делегаттары аны видеого тартайын дегенде алардын бирин "Өлтүрүп кетем" деп коркуткан. Жыйынтыгында бир нече кишинин кийлигишүүсү менен "ПСЖнын" президентин араң алып кетишкен.
Бүгүн, 10-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын жооптук оюнунда "Реал Мадрид" клубу "ПСЖны" 3:1 эсебинде утуп, чейрек финалга чыккан.