Бишкек шаарындагы муз аянтчасында хоккей боюнча Кыргызстандын биринчилигинин 1-тур оюндары орун алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда КРнын хоккей федерациясынын президенти Рамис Токталиев билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдештин биринчи турунда 4 команда өз ара оюн өткөрүштү. 3 оюнда тең утуп алган “Ала-Тоо-Дордой” (Нарын) командасы лидерлик сапка көтөрүлдү. 2-орунду “Хан-Теңири” командасы, 3-орунду “Локомотив” (экөө тең Бишкек шаарынын командалары) ээлеп келүүдө. 4-орунду азырынча токмоктук “Bulls KG” командасы ээлөөдө.
Кошумчалай кетсек, өлкө чемпиондугунун 2-тур оюндары декабрь айынын ортосуна белгиленген. Кыргызстандын хоккей боюнча чемпиондугу 3 турдан кийин өз чемпионун аныктайт.
Бул мелдеш 2014-жылы Бишкекте өтө турган Азиянын Чакырык кубогуна биздикилердин даярдыгын камсыздоо үчүн уюшулган.