Сокулук районунда зордуктоо кылмышына шектелип 18 жаштагы адам кармалды

Сокулук районунун Ново-Павловка айылында зордуктоо кылмышына шектелип 18 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 
Сокулук РИИБине аталган айылдын 22 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылган. Анда 23-ноябрь күнү саат 05:00дөр чамасында 16-20 жаштагы белгисиз адам үйүнө кирип, бычак менен коркутуп зордуктап кеткенин жазылган. 
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесине (зордуктоо) ылайык кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө 18 жаштагы жергиликтүү тургун кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан