Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы И.А.К. аттуу адам жана Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Б.А.И. аттуу кызматкери кармалган. Алар T.Б.T. аттуу жергиликтүү ишкерден опузалап, 120 миң сом талап кылып, анын 90 миң сомун алып жаткан учурда кармалган.
Аларга карата "Опузалап пара талап кылуу" беренеси менен иш козголуп, Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
"Кармалган И.А.К. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы болуп туруп, үй-бүлөлүк мамиленин артына жашынып, Б.А.И. аттуу адам менен алдын ала сүйлөшүп, жеке ишкерден коркутуу жолу менен 120 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган", - деп билдиришти УКМКдан.