Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы окуу-машыгуу жыйынын өтүү үчүн Түркиянын Анталья шаарына учуп кетти. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, улуттук курама команда 14-марттан баштап Анталья шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.
Окуу-машыгуу жыйыны Азия Кубогуна тандап алуу оюндарына даярдык катары өткөрүлүүдө. Машыгуу жыйынга Александр Крестинин жалпы 32 оюнчуну чакырган.