"Бир тууган агасы менен карындашы Сирияда". Ошто террордук мүнөздөгү видеолорду жайылтканга шектүү кармалды

Ош облусунда 27 жаштагы жаран кармалды. Ал экстремисттик, террордук мазмундагы видеоматериалдарды интернет аркылуу таратууга шектелүүдө.
Ош ШИИБинин маалымат кызматынан белгилешкендей, шектүү Ош облусунун 1995-жылы туулган Р.Ж. аттуу тургуну.
"Белгилүү болгондой, кармалган жаран өзүнүн Ютубдагы каналына экстремисттик, террордук мазмундагы видеоматериалдарды жүктөп турган. Алгачкы иликтөө иштеринин жүрүшүндө Р.Ж`нын 1992-жылы туулган Р.М. аттуу бир туугун агасы жана карындашы Сирия мамлекетинде жүргөндүгү дагы белгилүү болду.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 332-берене менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан