"Дүйнөнүн топ модели" сынагына катышкан Саадат Асылбекова финалисттердин тобуна кирди

"Дүйнөнүн топ модели" сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышкан Саадат Асылбекова финалга чейин жетип, ТОП-15ке кирди. Бул туурасында "Кыргызстан сулуусу" улуттук дирекциясынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Египетте өткөн 28-эл аралык сынакта чехиялык сулуу жеңүүчү болду.
"Саадат Асылбекова Кыргыз мамлекетинин атынан сынакка татыктуу катышып, финалисттердин ТОП-15ине кире алды. Сен биздин сыймыгыбызсың", - дешет дирекциядан.
Саадат Асылбекова 2016-жылы "Кыргызстан бикини сулуусу" сынагына катышып, жеңип алган. Ал 25-февралда сынакка катышуу үчүн Египетке учуп кеткен.
Эске салсак, "Кыргызстан сулуусу" улуттук дирекциясы "Дүйнөнүн топ модели" сынагынын Кыргыз Республикасынын аймагындагы расмий өкүлү болуп саналат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан