Сокулук районунун Ново-Павловка айылында 3 бала түтүнгө ууланып каза болду. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, окуя 24-ноябрда болгон. Ошол эле күнү болжол менен саат 14:25тер чамасында Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна 2010-жылы туулган Жазира Абдымамытованы жана 2007-жылы туулган Кадыр уулу Аккан жана Кадыр кызы Айканды алып келишкен. Бирок аларды дарыгерлер сактап кала алышкан эмес.
Маалыматтарга караганда, 3 жаштагы Жазира үй ээсинин кызы болгон. Ал эми эгиздер Аккан менен Айкан Орусияда иштеп жүргөн жакын тууганынын балдары болчу.
Үй ээлери 24-ноябрь күнү саат 09:00дөр чамасында үйдүн бир бөлмөсүнө 6 жана 3 жаштагы балдарды жалгыз таштап, сыртынан бекитип жумушка кетишкен. Болжол менен 11.00дөр чамасында үй ээсинин бири келип балдардын курсагын тойгузуп, кайра жумушуна кеткен. 14.00дөрдө үйгө кайтып келип, терезеден түтүн чыгып, бөлмөнүн ичиндеги 3 бала түтүнгө ууланып калышканын көрүшкөн.
Алдын ала маалыматтарга караганда, бөлмөнүн ичинде колго жасалган жылыткыч орнотулган. Мына ошол жылыткычтын зымы ысып, өрт чыккан. Анын натыйжасында бөлмөдөгү жууркан күйүп, түтөгөн. Узарткыч зым жууркандын алдынан өтчү. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.