Атактуу аргентиналык футболчу Лионель Месси "Алтын топко" талапкерлердин ондугуна кирбей калды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, "ПСЖ" клубунун чабуулчусунун позициясы бир жумада 10-орундан 20-орунга өзгөргөн. Бул "Реал Мадрид" клубунан утулуп, Чемпиондор Лигасынан четтеп калганына байланыштуу.
Ал эми "Манчестер Юнайтеддин" чабуулчусу Криштиану Роналду убактылуу рейтингде эки тепкичке көтөрүлүп, учурда 16-орунда.
"Алтын топко" талапкерлердин ичинен алдынкы ондукта төмөнкүлөр:
1. Роберт Левандовский – "Бавария";
2. Карим Бензема – "Реал Мадрид";
3. Мохамед Салах – "Ливерпуль";
4. Килиан Мбаппе – "ПСЖ";
5. Лука Модрич – "Реал Мадрид";
6. Садио Мане – "Ливерпуль";
7. Бернарду Силва – "Манчестер Сити";
8. Винисиус Жуниор – "Реал Мадрид";
9. Душан Влахович – "Ювентус";
10. Рияд Марез – "Манчестер Сити".