CAFA-U18: Нурсулуу Мурзакулова Ирандын дарбазасына укмуштуудай гол киргизди (видео)

Футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы Кыргыз курама командасынын оюнчусу Нурсулуу Мурзакулова Ташкентте өтүп жаткан "CAFA U-18 Women’s Championship" турниринде Иран курама командасынын дарбазасына айып соккудан укмуштуудай гол киргизди.

Нурсулуу Мурзакулова беттештин 26-мүнөтүндө кооз гол жаратып, команданы алдыга алып чыкты. Учурда оюн уланууда.

Турнирдик жадыбалда Иран курама командасы алдыда келе жатат. Аларда 6 упай бар. Ал эми Кыргыз курамасы 4 упайы менен экинчи орунда.

Буга чейин кыргыз футболчулары Тажикстандын курама командасын 1:0 эсебинде утуп, Өзбекстандын командасы менен 1:1 эсебинде тең чыккан.

Нурсулуу Мурзакулова Ирандын дарбазасына укмуштуудай гол киргизди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан