“Бавариянын” башкы машыктыруучусу Хосеп Гвардиола клубдун ичинен “чыккынчыны” издөөдө

Мюнхендик “Бавариянын” испаниялык башкы машыктыруучусу Хосеп Гвардиола клубдун ичиндеги чыккынчыны таап, клубдан кетирерин билдирет. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда испаниялык басылмалар билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрда Дортмундда өткөн “Боруссия”-“Бавария” тирешинин алдында жергиликтүү ММКлар аркылуу “Бавариянын” оюнга койгон пландары жарыяланган. ММКлар бул маалыматты “Бавариянын” оюнчуларынын бири билдиргенин айтышкан.

“Клубдун ичинде калчу маалыматты сыртка чыгарган оюнчунун ким экени маанилүү эмес. Ал оюнчу клубдан айдалышы керек”,-дейт башкы машыктыруучу.  

“Боруссия” менен “Бавариянын” ортосундагы беттеш 23-ноябрда өттү. Анда “Бавария” башкы көзүрү Франк Риберинин жаракатынан улам оюнга чыкпаганына карабай 3:0 эсебинде жеңишке жетишти. Муну менен мюнхендик клуб атаандашынан упай айырмачылыгын 7 упайга чейин жеткирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kozer
2013-11-25 19:02:44
Ким болушу мумкун ээ мага кызкыттуу болуп атыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан