Свердлов округунан талапкер болгон Абдурахманхаджи Муртазалиев БШКнын үстүнөн Жогорку Сотко даттанат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Муртазалиевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.
“Сот биздин арызды канааттандырган жок. Бирок биз бул чечимге каршыбыз, жогорку инстанцияга кайрылабыз”, - деди Токтакунова.
Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Бишкектин Свердлов округунда өткөн кайра шайлоодо эң көп добуш алган талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев “добуш сатып алган” деген кине менен четтетилген.
Буга нааразы болгон талапкер администрациялык сотко БШКнын чечимине каршы даттанган.
Бирок сот анын арызын канааттандырган эмес.