"Галатасарай жибербей". Бекназ Алмазбеков "Ак шумкарлардын" катарына кошулбай калды

Түркиянын "Галатасарай" футболдук клубунун оюнчусу Бекназ Алмазбеков футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы менен окуу-машыгуу жыйынына катышпайт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан кабарлашты.

"Бекназ Алмазбеков Түркиядагы улуттук курама команда өткөрүп жаткан окуу-машыгуу жыйынына жана келе жаткан "Navruz Cup 2022" турнирге катышпайт. Буга "Галатасарай" клубу оюнчунун жыйынга катышуу боюнча келишимин бузгандыгы себеп болду", - деп билдиришти КФСден.

Буга чейин Бекназ Алмазбеков алгачкы жолу улуттук курама командага чакырылганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан