Өзүн өзү көзгө аткан Д.Б. аттуу 25 жаштагы жигит кечээ, 24-ноябрда Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда кылмыш ишинин материалдары аскердик прокуратурага берилди.
Эске салсак, 19-ноябрда борбор калаадагы Панфилов көчөсүнөн бир адам өзүн травматикалык тапанча менен көзгө аткан. Маалыматтарга караганда, өзүн өзү көзгө аткан жаран УКМКнын юридика бөлүмүндө иштеген. Бул кылмыш иши кокустук деп саналууда.