"Өч алуу үчүн". Кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпиону адамдардын көзүнчө атып өлтүрүлдү

Бакуда эки жыл мурун кримтөбөлдү өлтүргөн деп шектелген кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпиону Заур Юсифов өтүп бара жаткандардын көзүнчө атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу Азербайжандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

"Бакунун Насими районунда кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпиону Заур Юсифовду винчестер куралы менен атып кетишкен. Юсифов ошол жерден каза болгон. Факты боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада 2000-жылы туулган Самир Ширалиев аттуу жаран шектүү деп кармалды", - деп билдиришкен Насими райондук ички иштер бөлүмүнөн.

Азербайжандык басылмалардын маалыматына караганда, спортчунун өлүмүнө шектелип кармалган адам кылмыш дүйнөсүндө Эмин 444 деген ат менен таанымал болгон Эмин Сафаровдун аталаш бир тууганы.

"Сафаров 2020-жылы жайында өлтүрүлгөн. Кримтөбөлдүн өлүмүнө кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпиону Заур Юсифов да шектелген. Бул кылмыш өч алуу үчүн жасалган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан