Испаниянын "Вильярреал" футболдук клубу Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын жооптук оюнунда италиялык "Ювентусту" жеңип, Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына чыкты.
Туринде өткөн беттеш 3:0 эсебинде коноктордун пайдасына аяктады. Голдорду Жерар Морено (78-мүнөттө, пенальтиден), Пау Торрес (85-мүнөттө) жана Арно Груневельд (90+2, пенальтиден) киргизишти.
22-февралда Вильярреалда өткөн 1/8 финалдын биринчи беттешинде командалар 1:1 эсебинде тең чыгышкан.
Белгилей кетсек, "Вильярреал" Европа Лигасынын учурдагы жеңүүчүсү.
18-мартта чейрек финалга чүчү кулак ташталат. Биринчи беттештер 5-6-апрелде, жооптук оюндар 12-13-апрелде болот. Буга чейин чейрек финалга англиялык "Ливерпуль" жана "Манчестер Сити", испаниялык "Атлетико" жана "Реал Мадрид", ошондой эле германиялык "Бавария" менен португалиялык "Бенфика" чыккан.