Жалал-Абадда 2 килограммдай алтынды карактап, ишкананын унаасын айдап кеткенге шектелип 4 жаран кармалды

Жалал-Абадда карактоо жолу менен алтын алып жүргөн жаран аныкталды. Ал облус аймагында жүргүзүлгөн "Розыск" иш-чарасында кармалды дешет облустук ички иштер башкармалыгынан.

Белгилүү болгондой, окуя былтыр, 8-ноябрда түнкү саат 02:30 чамасында катталган. Анда Ала-Бука районунда жайгашкан кен казуучу ишканалардын бирине бет капчан белгисиз адамдар таяктар, тапанча менен бастырып киришкен.

"Алар ишкананын кароолчулары менен жумушчуларын сабашып, ок чыгарышып, денесине залал келтиришкен. Кен казган ишкананын бөлмөсүндөгү темир сейфтин ичинде сакталып турган салмагы 1 килограмм 833 грамм алтын металын ачык түрдө тартып алышып, короодо токтоп турган Митсубиши Делика үлгүсүндөгү унаанын дөңгөлөктөрүн бычак менен жарышып, фараларын талкалашып, жанында токтоп турган Тойота Ленд Крузер Прадо үлгүсүндөгү унааны айдап качышкан.

Кылмыштуу топ кен казган ишканага жалпы суммасы 10 миллион сомдон ашуун материалдык зыян келтирген. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 202-берене (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

27-январда бул кылмышка шектелип Ала-Бука районунун 30, 27 жана 26 жаштагы 3 тургуну кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми 16-мартта жогорудагы кылмышка шектелип издөөдө жүргөн Ала-Бука районунун 1994-жылы туулган тургуну Ж.Б. жашынып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дешти маалымат кызматынан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан