Хоккей боюнча Евротурга Орусиянын ордуна Швейцария эки жыл бою катышат

Хоккей боюнча Швейцария улуттук курама командасы эки жыл бою Евротурдун этаптарында Орусиянын командасын алмаштырат. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Евротур оюндарына Чехия, Швеция жана Финляндиянын командалары дагы катышууда. Швейцария курамасынын мелдештеги дебюту 5-8-май аралыгында өтөт.

28-февралда Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) кеңеши Орусиянын чоңдор, жаштар жана өспүрүмдөр курамаларын 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугуна катышуудан четтетүү, ошондой эле 2023-жылкы Новосибирск жана Омскта өтө турган жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугун башка мамлекетке өткөрүп берүү чечимин кабыл алган. Кабыл алынган чечимдер Украинадагы кырдаал жөнгө салынса, жокко чыгарылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан