Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Таиландда өтүп жаткан “Futures” сериясындагы Эл аралык мелдеште бүгүн, 25-ноябрда 2 беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясы билдирет.
Маалыматка ылайык, Данияр Дулдаев жекеликте жана индиялык Карунудай Сингх менен жуптукта түштүк кореялык жуптукка 2 сеттин жыйынтыгында уттуруп жиберди (6:3, 6:2).
Андан тышкары ал жекеликте да биринчи айлампада мелдештен четтеп калды. Буга себеп, ал жекеликте таиланддык Сингекрави Уаттанакулга 3 сеттин жыйынтыгында уттуруп жиберди (6:4, 3-6, 7:6).