«Газпром Нефть» 2021-жылы Кыргыз Республикасынын бюджетине 4,1 миллиард сом төктү

«Газпром Нефть» май куюучу станциялар тармагына ээлик кылган «Газпром Нефть Азия» ЖЧКсы 2006-жылы Кыргыз Республикасында ишин баштагандан бери мамлекеттик бюджетке 54 миллиард сомдон ашуун каражат которгон. Ал эми 2021-жылы 4,1 миллиард сом төккөн. Күйүүчү май менен камсыздоонун заманбап инфраструктурасын өнүктүрүүгө 9,8 миллиард сом инвестиция кылган.

Компания Кыргыз Республикасындагы нефтетрейдерлеринин ичинен биринчи болуп май куюучу жайларда алгач кардар акчасын төлөп, ал кассалык системада транзакция болуп, фискалдык чек чыккандан кийин гана күйүүчү май ала турган системаны ишке киргизген. Мындай механизм «Газпром Нефть» май куюучу жайларында жүргүзүлүүчү бардык операциялардын ачыктыгын жана 100% салыктык көзөмөлдү камсыз кылат.

Айнура Абдукаримова башкы директордун экономика жана каржы боюнча орун басары:

«Биз, албетте, мамлекетибиздин ишенимдүү өнөктөшү экендигибиз менен сыймыктанабыз. Салык төлөмдөрүнө карата бизнестин так жана ачык позициясы мамлекеттик аппаратка узак мөөнөттүү социалдык саясатты жүргүзүүгө жана ар бир Кыргыз жаранынын жашоосун жакшыртууга мүмкүндүк берет”.

«Газпром Нефть Азия» ЖЧКсы өлкөдөгү ТОП-5 бюджетти түзүүчү компаниялардын катарына кирет жана жыл сайын салык төлөмдөрүнүн 13 түрү боюнча төлөмдөрдү жүргүзөт. Компания 2009, 2011, 2013 жана 2018-жылдары "Кыргыз Республикасынын мыкты салык төлөөчүсү" наамына ээ болгон

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан