Бишкекте көз боёмочулук менен алектенип жүргөн АКШнын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, 62 жаштагы Майк Хьюстон Дау 1996-жылдан бери Кыргызстанда жашайт. Ал бир топ адамга Америкада бизнеси жана Кыргызстандын жарандарын жумушка орноштурууга жардам бере турган көп тааныштары бар экендигин айтып, эки кыргыз жаранынан 4 жана 5 миң доллар өлчөмүндө акча алып качып кеткен.
Ошондой эле жогорудагы кылмыш ишине шектелип жаткан адамдын Бишкек шаарында англис тилин үйрөтүүчү жеке менчик мектеп ачкандыгы, окуучулардын ата-энелеринен да акча алып, ушул күнгө чейин качып жүргөндүгү аныкталган.
Учурда ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (көз боёмочулук) боюнча кылмыш иши козголду.