“Абдыш-Ата” футболдук клубунун чабуулчусу Алмазбек Мирзалиев КРнын ТОП-Лигасынын 2013-жылкы сезонунун мыкты бомбардири болду. Бул тууралуу КРнын спорт журналисттери федерациясынын өкүлү Бакыт Шукуралиев билдирди.
Маалыматка ылайык, Алмазбек Мирзалиев 2013-жылкы сезондун алкагында 18 оюн өткөрүп, 20 гол киргизген. 20 голдун 13үн ал “Манас” футболдук клубунун дарбазасына киргизген.
Тизмеде 2-орунду “Дордойдун” чабуулчусу Мирлан Мурзаев ээлейт. Анын эсебинде 13 гол бар (анын 6оосу “Манас” командасынын дарбазасына киргизилген).
Негизги үчтүккө Алмазбек менен Мирландын артынан “Дордойдун” чабуулчусу Дэвид Тетте өз ысымын жазган. Анын киргизген голдорунун саны - 11.
Кошумчалай кетсек, 2013-жылкы сезондун алкагында жалпысынан 84 футболчу гол киргизе алган. Сезон боюнча 80 оюн өткөрүлүп, жалпысынан 268 гол киргизилген.