Бүгүнкү күндөгү аялдар жөн гана очоктун отун өчүрбөй сактаган камкор аял жана мээримдүү эне гана эмес. Алардын көпчүлүгү прогрессивдүү ишкерлер, алар өз бизнесин чеберчилик менен жүргүзүп, ар дайым жаңы нерселерди үйрөнүп, бул билимдерди иш жүзүндө колдоно алышат.
Алар туристтер үчүн конок үйлөрүн ачуудан, улуттук суусундуктарды чыгаруудан, экспортко сапаттуу жана модалуу дизайнердик кийимдерди тигүүдөн, бизнес-конференцияларды уюштуруудан, жеке мектептерди ачуудан коркушпайт. Биздин заманбап аялдар көп нерсени жасай алышты.
Азыркы мезгилде аялдар үчүн үй жумуштарын аткаруу менен бирге ишти алып кетүү кыйын болорун FINCA Банктагылар жакшы түшүнүшөт. Көпчүлүк учурда аялдардын өзүнө убактысы да, акчасы да жетишпей калат.
Дал ошондуктан аялдарга кам көрүү менен FINCA Банк Кыргызстанда, ошондой эле КМШ мейкиндигинде уникалдуу түрдөгү, пайыздарды кайтарып берүү менен "FINCAйым - аялдар үчүн кредит" атайын өндүрүмүн иштеп чыкты.
Бул өндүрүмдү түзүү, аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча иштеп жаткан FINCA Impact Finance программасы аркылуу мүмкүн болду. Укуктарды кеңейтүү, биринчи кезекте, аялдарга алардын талаптарына жооп берген финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүү болуусунан башталат деп эсептешет банктагылар. Кээде пландарыңызды ишке ашыруу үчүн бир аз гана түртүү керек болот. FINCA Банк айрыкча пандемиядан кийинки бул оор мезгилде аялдарга кубаныч менен жардам берет.
"FINCAйым" - бул кандай кредит жана анын уникалдуулугу эмнеде?
"FINCAйым" кредитинин уникалдуулугу эмнеде? деп сурашыңыздар мүмкүн. Анын уникалдуулугу – кредит өз убагында жана график боюнча төлөнсө, аял 28 000 сомго чейинки пайыздарды сом эквивалентинде кайтарып ала алат. Бул каражаттарды эсептешүү же депозиттик эсепке алууга болот.
Тигүү өндүрүшү, азык-түлүк дүкөнү же уюмдагы жумуш болобу, бизнеси же туруктуу жумушу бар ар бир аял 3 айдан 3 жылга чейинки мөөнөткө сом менен кредит ала алат. Мында кредиттин суммасы 250 миң сомдон кем болбоого жана 500 миң сомдон жогору болбоого тийиш. Бул өндүрүмдүн көрүнүктүү дагы бир артыкчылыгы, аны алуу үчүн күрөө талап кылынбайт, үчүнчү жактын кепилдиги жетиштүү.
"Кайтарылган пайыздарды кардарлар өзүнө жумшап же депозитке салып, кыялдарын орундатуу үчүн топтосо болот. Адатта, аялдар өздөрүнөн үнөмдөп, өзүн бүт үй-бүлөсүнө же ишине арнашат. Психологиялык жактан бул көрүнүш аялды жабыктырып, убакыттын өтүшү менен өзүнө керектүү ресуртан – жаратмандыктан ажыратат.
FINCA Банк аялдар сыймыктануу менен, ошол эле учурда өздөрүнөн жана үй-бүлөсүнөн аябастан, насыядан түшкөн акчаны жеке муктаждыктарына жумшай алышын каалайт", - деп түшүндүрүшөт банктын адистери.
Эмне үчүн бул пайдалуу?
"FINCAйым" кредитин алуу менен аялдар төмөнкүлөргө ээ болот:
- акча каражаттарын 28 миң сомго чейин кайтарып алуу;
- кепилдик менен күрөөсүз кредит алуу мүмкүнчүлүгү;
- акчаны үнөмдөө мүмкүнчүлүгү, анткени кайтарылган каражаттар автоматтык түрдө кардардын тандоосу боюнча депозитке же эсептешүү эсебине которулат;
- арыз кыска убакыттын ичинде каралат;
- кредит 1-2 күндүн ичинде тез берилет.
Суроолор барбы? Сиз банктын адисинен акысыз консультация ала аласыз: 0312-440-440 / 4400 (чалуу акысыз).
Ошондой эле банктын www.FINCABANK.kg сайтынан калькулятордо кредитти эсептеп, кредит алууга онлайн арыз калтырсаңыз болот.