Өлкө тарыхында биринчи жолу футзал боюнча Азия Кубогуна тандап алуу оюндары Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, Азия Кубогуна тандап алууда футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Бишкекте Иран, Түркмөнстан жана Мальдив аралдарын кабыл алат.
Мындан тышкары Бишкекте "В" тайпасында жайгашкан Өзбекстан, Тажикстан, Непал жана Ооганстан курама командаларынын оюндары өтөт.
Буга байланыштуу учурда футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат.
2022-жылдын 22-сентябрынан тарта 20-октябрга чейин Кувейтте өтө турган Азия Кубогунун финалдык этабына тайпанын сап башын жана экинчи орундарын ээлеген командалар жолдомо алат. Баары болуп турнирге континенттин 16 командасы катышат.
Турнир 1-15-апрель күндөрү Бишкекте өтөт.