“Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун ага адиси, ага лейтенант К.К.К. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кечээ, 17-мартта Бишкек шаарында Кытай Эл Республикасынын жаранынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып 3000 доллар өлчөмүндө акча талап кылып, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен чек ара кызматынын кызматкери, ага лейтенант К.К.К. кармалды", - деп билдиришти УКМКдан.
Учурда кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.