"Реал Мадрид" - "Челси". Чемпиондор Лигасынын чүчү кулагынын жыйынтыгы

Бүгүн, 18-мартта Швейцариянын Ньон шаарында Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына чүчү кулак тартуу аземи болуп өттү. Азем түз эфирде көрсөтүлдү.

Жыйынтыгында чүчү кулактын жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

"Челси" (Англия) - "Реал Мадрид" (Испания);

"Манчестер Сити" (Англия) - "Атлетико Мадрид" (Испания);

"Вильярреал" (Испания) - "Бавария" (Германия);

"Бенфика" (Португалия) - "Ливерпуль" (Англия).

Ошондой эле жарым финалга дагы чүчү кулак ташталды: Анда "Манчестер Сити" менен "Атлетико" беттешинин жеңүүчүсү "Челси" менен "Реал Мадриддин" жеңүүчүсү менен ойнойт;

"Вильярреал"-"Бавария" жубунун жеңүүчүсү "Бенфика-Ливерпуль" жубунун жеңүүчүсү менен ойнойт.

Чемпиондор Лигасынын биринчи чейрек финалдык беттештери 5-6-апрелде өтөт. Жооптук беттештер 12-13-апрелге белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан