"Ынтымак" командасы көк бөрү боюнча "Нооруз 2022" турниринин жарым финалдык баскычында "Достук" командасын утуп, мелдештин финалына чыкты. "Б" тайпасындагы эки команданын чечүүчү беттеши 2:0 эсебинде "Ынтымактын" жеңиши менен аяктады. Оюндагы алгачкы салымды 1-бөлүктө Майрамбек Рыспеков команда капитаны Эрлан Төрөбеков менен бирге таштаса, 3-бөлүктө Нуржан Мелисбек уулу менен Дастан Сагынбек уулу кош колдоп экинчи улакты жаратышты.
Эске салсак, "Ынтымак" командасы буга чейин өз тайпасында Ысык-Көлдүн "Мурас" командасын 8:0 эсеп айырмачылыгында утуп алган. Муну менен алар тайпадагы экинчи жеңишине жетишти.
Эми "Ынтымак" 21-март күнү боло турган финалдык беттеште Чүй облусунун "Сары-Өзөн" командасы менен кез келет. "Сары-Өзөн" "А" тайпасында "Көк-Жал" (18:4) жана "Ала-Тоо" (3:1) командаларын жеңип, финалга чыккан.
"Ынтымак" командасы Нооруз майрамына арналган көк бөрү мелдешинин учурдагы чемпиону. Алар былтыркы жылы финалда Ош облусунун "Достук" командасын жеңип алган.