"Бакубат-Талас" командасы көк бөрү боюнча "Нооруз 2022" турниринин жарым финалдык баскычында "Бакай-Ата Дөөлөт" командасын жеңип, мелдештин финалына чыкты.
Биринчи Лигадагы эки команданын жарым финалдык беттеши 6:2 эсебинде "Бакубат-Таластын" жеңиши менен жыйынтыкталды. Оюндагы салымдарды "Бакубат-Таластын" катарынан Мааданбек Алтынбек уулу (4 жолу), Нурбек Ашымбек уулу жана Майрамбек Бекмырза уулу таштады. Ал эми "Бакай Атанын" оюнчуларынан Мурат Борошев менен Фархат Супатаев бирден улак салышты.
"Бакубат-Талас" Биринчи Лигада финалга чыккан алгачкы команда. Алар буга чейинки тайпалык баскычта "Казарман" жана "Жумгал" командаларын уткан. Ал эми 21-март күнү боло турган финалдык беттеште "Ийгилик" - "Жаштык" оюнунда жеңишке жетишкен команда менен күч сынашат.