Көк бөрү: Биринчи Лигада "Ийгилик" командасы "Жаштыкты" жеңип, финалга жолдомо алды

Көк бөрү боюнча "Нооруз-2022" турниринде "Ийгилик" командасы "Жаштыкты" минималдуу эсеп айырмачылыгы менен утуп, финалдык баскычка өттү. Биринчи Лигадагы эки команданын беттеши 1:0 эсебинде "Ийгиликтин" жеңиши менен аяктады. Оюндагы жалгыз салымды 2-бөлүктө Нуржан Бактияр уулу таштады.

Талас облусунун Кара-Буура районунан келген "Ийгилик" командасы буга чейинки тайпалык баскычта "Ак шумкар" жана "Ай тамга" командаларын жеңип, өз тайпасынан биринчи орун менен суурулуп чыккан. Эми алар 21-март күнү финалдык беттеште "Бакубат Талас" менен күч сынашат. "Бакубат Талас" жарым финалдык беттеште "Мурас" командасын 5:2 эсебинде жеңди.

Бүгүн, 19-мартта "Нооруз-2022" турниринин жарым финалдык оюндары жыйынтыкталды. Ал эми финалдык беттештер 21-март күнү орун алат. Анда "Бакубат Талас" - "Ийгилик" беттешинен тышкары Жогорку Лигада "Сары-Өзөн" менен "Ынтымак" командалары кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан