Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын Капчыгай аймагында август
айында Кара-Суу дарыясында агып кеткен кыздардын биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу 25-ноябрда
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык болгон жерден
500-600 метр алыстыкта Ж.Жусупованын сөөгү табылган. Ал эми 2007-жылы туулган
Миталипова Мээримдин сөөгү табыла элек.
23-ноябрда ӨКМнын 20 куткаруучусу издөө
иштерин кайрадан баштаган эле.
Эске салсак, 2013-жылы 21-августта Ош-Бишкек унаа жолунда кырсык болуп,
натыйжада 2 кыз сууга агып кеткен.