Манас Ниязов оор жаракат алды. "Достук" командасы "Ала-Тоого" өз ыктыяры менен жеңилип берди

Бүгүн, 20-мартта Нооруз майрамына арналган көк бөрү мелдешинде Жогорку Лиганын 3-4-оруну үчүн болгон беттеш орун алды. Анда Ош облусунун "Достук" командасы менен "Ош шаарынын "Ала-Тоо" жааты күч сынашты.

Оюндун 1-бөлүгүндө "Достуктун" катарынан Улан Насакеев эсепти ачты. Ал эми 2-бөлүктө "Ала-Тоонун" оюнчусу Манас Ниязов салым таштап, эсепти теңеп кетүүгө жетишти.

Андан кийинки негизги жана кошумча берилген убакытта да эки тарап тең улак сала албай, жеңүүчүнү аныктоо үчүн булиттер сериясына орун берилди.

Булиттер сериясындагы алгачкы салымды "Достуктун" катарынан Арген Абдуллаев жаратты. Ал эми кийинки болуп "Ала-Тоонун" катарынан Манас Ниязов аракетин көрүп, тилекке каршы, тай казанга жетип келгенде атынан кулап, оор жаракат алды. Оюнчуну "Тез жардам" унаасы алып кетти. Натыйжада "Достук" командасы Манас Ниязовдун оор жаракат алгандыгына байланыштуу өз ыктыяры менен жеңилгенин билдиришти. Мындан улам беттеш андан ары улантылбай жеңиш "Ала-Тоо" командасына ыйгарылды.

Эске салсак, "Ала-Тоо" буга чейин "Көк-Жал" командасын утуп, экинчи оюнунда "Сары-Өзөнгө" жеңилген. Ал эми "Достук" алгачкы беттешинде "Мурасты" жеңгени менен жарым финалда "Ынтымак" командасына жеңилип калган.

Манас Ниязов булиттер сериясында оор жаракат алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан