Бүгүн, 21-март күнү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча "Нооруз-2022" турниринин финалдык беттештери орун алууда. Анда Биринчи лигада чемпиондук үчүн Талас облусунун "Бакубат-Талас" жана "Ийгилик" командалары күч сынашты. Финалдык беттеш 4:0 эсебинде "Бакубат-Таластын" жеңиши менен аяктады. Оюндагы салымдарды Алтынбек Мааданбек уулу (3 ирет) жана Нурбек Ашымбек уулу жаратты. Муну менен "Бакубат Талас" командасы Биринчи лигада 1-орунду камсыздап Жогорку лигада оюн көрсөтүүгө жолдомо алды.
Эске салсак, "Бакубат-Талас" буга чейин тайпалык баскычта "Казарман" жана "Жумгал" командаларын утуп, өз тайпасынан биринчи орун менен суурулуп чыккан. Ал эми чейрек финалда "Алай" командасын 5:2 эсебинде утса, жарым финалда "Бакай-Ата Дөөлөттү" 6:2 эсеп айырмасында жеңип алган.