"Чүйдүн" көк бөрүчүлөрү Нооруз турниринде ардагерлер арасында чемпион аталышты

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча "Нооруз 2022" турниринин финалдык беттештери уланууда. Анда "Чүй" командасы "Талас" командасын 4:2 эсебинде жеңип, ардагерлер (40 жаштан кийинкилер) арасындагы мелдештин чемпиону болду.

Оюндагы салымдарды "Чүйдүн" катарынан Жышан Кайырбеков (3 ирет) жана Мирлан Алсейитов таштады. Ал эми "Таластын" катарынан Алтынбек Кожокулов менен Улан Кыбыраев бирден улак салышты.

Мелдештин жеңүүчүсү аталган "Чүй" командасында Аман Токонбаев, Тилек Кулукеев, Улан Кулукеев, Каныбек Дүйшөнов, Деңизбек Таскараев, Эрлан Сейталиев, Мирлан Алсейитов, Жышан Кайырбеков, Нурадил Борбиев, Эрмек Шекитов, Насырбек Раимкулов жана Жангазы Исаков өңдүү ардагер көк бөрүчүлөр оюн алып барды.

Белгилей кетсек, бул жолку Нооруз турниринде буга чейинкилерден айырмаланып 40 жаштан жогорку көк бөрүчүлөр үчүн да атайын мелдеш уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан