Талас облусунун "Ынтымак" командасы көк бөрү боюнча "Нооруз 2022" турниринде Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасын жеңип, Жогорку Лигада чемпион болду.
Финалдык беттеш 4:1 эсебинде "Ынтымактын" жеңиши менен жыйынтыкталды. Оюндагы салымдарды "Ынтымактын" катарынан Майрамбек Рыспеков (2 ирет), Өмүрбек Эсен уулу жана Кушчубай Илис уулу жаратты. Ал эми "Сары-Өзөндөн" жалгыз салымды Сейитбек Анарбек уулу таштады.
"Ынтымак" командасы чейрек финалда "Мурасты" 8:0 эсебинде утса, жарым финалда "Достукту" 2:0 эсеп айырмачылыгында жеңип алган.
Башкы машыктыруучу Жоки Орозбаевдин шакирттери былтыркы жылдагы Нооруз турниринде да жеңүүчү аталган. Анда Ош облусунун "Достук" командасын булиттер сериясында утуп алган.