"Ынтымак" командасынын оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу команданын жеңишинен кийин финалдык беттеш тууралуу пикирин билдирди.
"Биз бул оюнга декабрь айынан бери даярданып жатканбыз. Ошонун жыйынтыгы деп эсептейбиз. Буга чейин "Сары-Өзөндөн" коркуп жатканбыз. "Сары-Өзөн" чемпион болот деген коркунуч бар болчу. Бирок аракет кылдык. Жеңдик. "Сары-Өзөн" командасы менен акыркы жолу президенттин Кубогунда ушундай эле финалда беттешкенбиз. Анда 7:0 эсебинде жеңип алганбыз. Ал убакта "Сары-Өзөн" алсыз болчу. Ал эми быйыл аябай катуу даярдыкта келишиптир. Бирок биз да жакшы даярданып келгенбиз. Балдар акыркы секундга чейин оюн көрсөтүштү", - деди ал.
Белгилей кетсек, "Ынтымак" командасы бүгүн "Сары-Өзөндү" жеңип, Нооруз турниринде чемпион аталды. Финалдык беттеш 4:1 эсебинде "Ынтымактын" жеңиши менен аяктады.
Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан мелдеште Жогорку Лигадан сырткары Биринчи Лигада "Бакубат-Талас", ал эми ардагерлер арасында Чүй облусунун командасы жеңүүчү болду.