Мадриддик "Реалдын" жетекчилиги "Барселонадан" 0:4 эсебинде жеңилгенден кийин башкы машыктыруучу Карло Анчелоттинин келечеги тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу белгилүү Marca басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, королдук клубдун жетекчилиги Анчелоттинин буга чейинки жыйынтыктарын эске алуу менен азырынча башкы машыктыруучу менен келишимди бузууну көздөшпөйт.
Анчелоттинин клуб менен болгон келишими 2023-жылдын жай айына чейин түзүлгөн. Анын келечеги тууралуу чечим ушул сезондун аягында гана кабыл алынат. "Реал Мадрид" Ла Лига же Чемпиондор Лигасын жеңсе, машыктыруучу команда менен иштеше берет.
"Эль-Класикодогу" жеңилүү үчүн Анчелотти күнөөнү өзүнө алган.
Жеңилгенине карабай 66 упай менен "Реал Мадрид" клубу лидерлигин сактап калды. "Барселона" жеңишинен кийин 54 упай менен турнирдик таблицада үчүнчү орунга көтөрүлдү.