Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубу украиналык коргоочу Михаил Калугин менен келишим түздү. Бул тууралуу аталган футболдук клубдун басма сөз кызматы маалымдады.
"Биз быйыл чемпион болуу үчүн аракет кылабыз жана бардык күчүбүздү жумшайбыз. Биз муну кыла алабыз жана команда жетекчилиги бул үчүн бардык шарттарды түзүп берген. Коллектив мени жакшы кабыл алды, оюнчулар жана машыктыруучулар штабы менен сүйлөштүм. Мага бардыгы жакты", - деди Михаил Калугин.
Кыргыз Премьер-Лигасынын 2-турдук оюнунан кийин "Абдыш-Ата" командасы 6 упайы менен биринчи орунда келе жатат.