Кыргызстандык Эсенбек Кадыркулов тайбокс боюнча Орусиянын Омск шаарында өткөн спорт сүйүүчүлөрү арасындагы Эл аралык мелдеште атаандашын нокаут менен утту. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда орусиялык басылмалар кабарлады.
Маалыматка ылайык, Эсенбек Кадыркуловдун 60 килограмм салмактагы атаандашы орусиялык Илья Неберекутев болгон. Бир гана раундга созулган беттеште Эсенбек атаандашын нокаут менен утуп, мөөнөтүнөн мурда жеңүүчү аталды.