Кыргызстандык бильярдчылар “Кремль Кубогу-2013” Эл аралык мелдешинде оюн өткөрүшөт

Кыргызстандык бильярдчылар бүгүн, 26-ноябрда “Кремль Кубогу-2013” Эл аралык мелдешинде оюн өткөрүшөт. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, Москвада өтүүчү мелдешке уландар арасында 10 өлкөдөн 318 кий чебери катышат жана алар бильярддын “кураштырма пирамида” түрү боюнча ойношот.

Кыргызстандын атынан мелдешке 11 бильярдчы аттанган. Кечээ, 25-ноябрда өткөн чүчүкулактын негизинде бильярдчылар атаандаштарын табышкан. Кыргызстандык 11 кий чеберинин 8и бүгүн, 26-ноябрда оюн өткөрсө, калган 3өөсү мелдештин экинчи айлампасында оюн көрсөтө башташат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан